Бактияр Орозов: Илим — өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги ресурсу жана келечегинин кепилдиги

Билим 12 Ноябрь 2025 09:55
1.webp
579892571_122128024136965123_1905908616771812644_n.jpg
580590742_122128024538965123_2664355854085108403_n.jpg
580635829_122128033340965123_8146448890131732198_n.jpg
581125245_122128024244965123_3222231649101178814_n.jpg
581772700_122128033700965123_4204395893415730706_n.jpg
581804182_122128024376965123_3912840568503662367_n.jpg
Алдыга
Артка
1.webp
579892571_122128024136965123_1905908616771812644_n.jpg
580590742_122128024538965123_2664355854085108403_n.jpg
580635829_122128033340965123_8146448890131732198_n.jpg
581125245_122128024244965123_3222231649101178814_n.jpg
581772700_122128033700965123_4204395893415730706_n.jpg
581804182_122128024376965123_3912840568503662367_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Илим — бул өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги ресурсу жана келечегинин кепилдиги, - деди илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Бактияр Орозов күн мурун Илим күнүнө карата өткөрүлгөн "Билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоодогу илимдин ролу" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда.

Министр өз сөзүндө илимдин коомдук жана экономикалык өнүгүүдөгү маанилүү ордун белгиледи. Ошондой эле ал илим бүгүн мамлекеттин туруктуу өсүшүн, технологиялык көз карандысыздыгын жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатуучу башкы фактор экенин белгиледи.

"Биз илимий чөйрөнү жаңылоого багытталган системалуу реформаларды жүргүзүп жатабыз — бюрократияны кыскартып, аттестациялоо системасын жаңыртып, жаш изилдөөчүлөрдү колдоп жана академиялык мобилдүүлүк үчүн шарттарды түзүүдөбүз. Максатыбыз — илим, билим берүү жана инновациялар бирдиктүү экосистема катары иштеши", — деди министр.

Ошондой эле Бактияр Орозов белгилегендей, учурда Кыргызстанда илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар менен алектенген кызматкерлердин 75 пайыз изилдөөчү-адистер түзөт, алардын ичинен 38 пайызы илимдин докторлору жана илимдин кандидаты даражасына ээ. Министр бул көрсөткүч өлкөнүн интеллектуалдык потенциалынын жогору экенин жана аны натыйжалуу колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Кыргызстан илимий мураска, тажрыйбага жана жаш изилдөөчүлөрдүн энергиясына бай өлкө. Биздин милдет — бул мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип, илимди улуттук өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы кылуу", — деп баса белгиледи министр.

Иш-чаранын соңунда министр окумуштууларга чыгармачылык ийгилик, жаңы ачылыштар жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүүсүнө багытталган зор жетишкендиктерди каалады.