Кой-Таш окуясы Алмазбек Атамбаевге жана анын командасынын мүчөлөрүнө чыгарылган сот өкүмү боюнча саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берди. Маекте ал ошол резонанстуу окуяларга көңүл буруп, укук илиминин негизги принциптеринине таянып, сөзсүз жаза болуш керектигин эске салды.
- Алмазбек Атамбаевге карата чыккан өкүм айрым активисттердин айтымында, бир топ катаал, тактап айтканда 1 жылдан ашык абак... Бирок чечимдин маңызын, иштин чоо-жайын терең талдабай туруп, оппозициябыз дегендер «өкүм саясатташып кетти, бейкүнөө адамдар жапа чегип калышты” дегени боюнча сиздин оюңуз кандай?
- Көп жылдык тажрыйбасы бар саясат таануучу катары аларга ушундай өкүм чыгары мага болжолдуу түрдө белгилүү болчу. Мен 2019-жылы Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши башталганда Атамбаев күзүндө камалып, соттолот деп чоң макала жазгам.
Саясий күрөш митингдер аркылуу эмес, саясий талаада өтүшү керек. Бирок экс-президенттин жактоочулары менен кеңешчилери деструктивдүү жолду тандап, Кой-Таш окуясына алып келишти.
Үч түшүнүк бар - мамлекет, өкмөт жана эл. Мунун баары өз ара байланышта. Мамлекетте стабилдүүлүк болсун деп эл бийликти тандайт. Өлкөдө мыйзамдуулуктун жана тартиптин сакталышын камсыз кылуу үчүн өкмөттүн күчү да, дарамети да жетет.
Кечээги соттун чечимин талдоо үчүн 2019-жылга кайрылышыбыз керек. Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши ошондо эле башталган. Ошол учурда Атамбаев митингдерди уюштурбай, саясий майданда күрөшүшү керек эле.
Атамбаевдин командасы адилеттикти кааласа, башкача иш кылышы керек болчу. Бирок алар башка жолду тандап, кайгылуу, өлүм менен коштолгон окуяга алып келишти.
Мыйзам деген мыйзам, ага баш ийиш керек. Биз укуктук мамлекетти көздөй баратабыз. Андыктан ошол кагылышуулар, тополоңду козгогондор жазасыз калбашы керек. Кой-Ташта куралдуу каршылык көрсөтүлдү. Бул бийлик үчүн күрөшкөндөрдүн баарына жаман үлгү болду.
Саясат таануучу катары, башында Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда эч кандай чыр-чатактар болгон эмес деп айтат элем. Бирок, алардын тарапташтары чагымчылдык кылып, саясий лидерлерди бири-бирине каршы коюшту. Бийликке куралдуу каршылык көрсөтүү ар дайым кайгы жана азап алып келерин дүйнөлүк тарых дагы далилдеп турат.
Атамбаевдин айланасында ал кезде ар кандай адамдар болгон. Бирок, ошол кездеги олуттуу саясатчы катары, ал мамлекетке каршы чыгуу эмне менен бүтөөрүн түшүнүшү керек эле. Ал президент болуп турганда кыйла позитивдүү тажрыйбага ээ болгон, бирок бир окуя жана бир туура эмес чечим анын бүт саясий карьерасын талкалады десек болот.
Саясатчы өз оюн айта алаарын дайыма эстен чыгарбашы керек, бирок мыйзам бузууга укугу жок. Эгерде кылмыш жасалса, сөзсүз түрдө жоопкерчилик болот.
- Дагы бир кызык жагдай жаралды. Атамбаевдин тарапташтары жана үй-бүлө мүчөлөрү соттун өкүмүн Бакиевди өлкөгө кайтаруу аракети менен байланыштырууга аракет кылышууда. Байланыш албетте күмөндүү, бирок бул версия азыр абдан жигердүү өнүгүп жатат, маалымат айдыңында атайын уюшкан иштер жүрүп жаткандай. Атамбаевдин соту менен Бакиевдин кайтып келиши мүмкүн дегендерге эмне айта аласыз?
- Бакиевдин кайтып келишинен ким коркот? Андайлар бар. Бакиев кайтып келсе элибизге белгисиз сырларды ачат. Бакиев келсе, албетте, сот болот. Бул соттук териштирүүдө көп нерселер, элге белгисиз болгон кызыктуу окуялардын бети ачылат.
Бакиевди сот залынан чыгарышпайт деп ойлойм. Албетте, каргашалуу окуялар боюнча жазага тартылат. Аны менен бирге бийликке жетем деп өлүм, азап-тозок алып келген кырдаалга жеткирген башка саясатчылар дагы жазасын алышат.
Президент Жапаров мыйзам, тартип орногон бешинчи республиканы куруп жатат. Мыйзам баарынан жогору турат. Ал эми бардык адамдар мыйзам менен жашаганга көнүшү үчүн өлкөбүзгө жаңы идеологияны куруп жатат. Биздин өлкөдө оппозиция ар дайым болуп келген, боло берет дагы. Бирок, тирешүүдөн, туруксуздуктан пайдаланып, өлкөбүздү артка тартканга аракет кылып жаткан үчүнчү күчтөр да бар.
Элибиздин, мамлекетибиздин гүлдөп-өсүшүн каалаган бардык саясий күчтөр экстремисттик ыкмаларды колдонбой, конституциянын алкагында күрөшүүсүн каалар элем. Албетте, элдик көтөрүлүш учурунда саясий чечимдер кабыл алынат. Бирок баары бир мыйзам чегинде болуш керек. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө көптөгөн суроолор бар, эл да алардын жооп алууну талап кылууда. Ошондуктан эгер Кыргызстанда Бакиев көрсөтмө берген сот болсо, көп нерсе ачыкка чыгат. Ачуу чындык тарых үчүн, каталарды кайталабаш үчүн жана келечекти куруу үчүн керек.
- Алмазбек Атамбаев менен бирге анын мурдагы командасынан дагы бир нече адамга өкүм чыкты. “Койташ иши” 5 жылга созулду. Ошол окуялардын түпкү себептерин карай турган болсок, анын натыйжасында спецназдын командири каза болуп, милициянын башчысы жарадар болуп, дагы башка жабырлануучулар болгон. Ошондой кайгылуу кесепеттерге алып келген кырдаалдын негизи эмнеде?
- Саясатта пикирлеш адамдар бир максатты алдыга коюп, ага жеткени бир жөнөшөт. Атамбаев менен Жээнбеков дагы башында ушундай эле болушкан. Жогоруда айткандай, пикир келишпестиктер алардын ортосунда эмес, командаларынын ортосунда биринчи пайда болгон.
Атамбаевдин алгылыктуу иш-аракеттерин, чечимдерин акыркы бийликке болгон экстремисттик каршылыгы жокко чыгарды десек болот. Анын туура эмес саясий күрөшү, стратегиясы менен тактикасы ушундай каргашалуу жыйынтыктарга алып келди.
Саясий партиялардын лидерлери көп учурда тарапташтарына жеке амбициясынын кедергисин тийгизбей, өнөктөштөрүн, колдоочуларын ойлошу керек. Мисал келтирсек болот, азыр биздин жетекчилер - Жапаров менен Ташиевдер бир багытта иштеп жатышат. Алардын командаларында да, саясатта да пикир келишпестиктер жок. Ошондуктан мамлекетибизде реформалар жүрүп, айлыктар, пенсиялар, жөлөк пулдар көбөйүүдө. Электр станциялары жана башкалар курулуп жатат.
Кой-Таш окуясында амбициялардын жана мыйзамсыз аракеттердин айынан эл жапа чекти, спецназдын командири каза болду. Биздин конституция, мыйзамдарыбыз саясий майданда күрөшкө жол берет, бирок, албетте, уюшкан кыргын үчүн жооп беришибиз керек. Атамбаевдин командасы мыйзамды сактабай, куралдуу каршылык көрсөтүүнү чечкен. Өкүм катаал, бирок ойлонулбаган аракеттер үчүн ушундай жаза берилди.