Бакай-Атадагы 18 бала бакчага компьютерлер жана түстүү принтерлер тапшырылды

Аймак Загрузка... 17 Сентябрь 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 18 бала бакчага заманбап компьютерлер жана түстүү принтерлерди тапшырды. 

Парламенттен билдиришкендей, аталган техникалар мектепке чейинки тарбия иштерине көмөкчү болорун белгилеген эл өкүлү: «Бала бакчалар жөн гана билим берүүнүн алгачкы баскычы эмес, баланын өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизген негизги тепкич болуп саналат. Азыр бир дагы мекемени техникасыз элестетүү мүмкүн эмес. Андыктан бул жабдуулар балдарыбыздын эрте жаштан технология менен иштөө жөндөмүн калыптандырып, окутуу процессин натыйжалуу кылуу менен бирге тарбиячылардын да ишин жеңилдетет деген ишеничтемин», - деди. 

Ошондой эле келечек ээлерин тарбиялоо иши сапаттуу жүргүзүлүшү керектигин айткан депутат Русланбек Жакышов бул бала бакчалардан өлкөгө кызмат кылган мыкты улан-кыздар өсүп чыгышына тилектештигин билдирди.