Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында заманбап спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун министр Нурдан Орунтаев аталган спорт комплексинин курулуш иштери менен таанышты.
Спорт комплекстин курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Эл аралык стандарттарга жооп берген эки кабаттуу спорт комплексинин жалпы аянты 993 чарчы метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө курулуш иштери 55 пайызга аткарылды.