Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Байтик айыл аймагында Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусу курулат. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Бөрүбашев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу боюнча 2025-жылдын 26-ноябрында Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосунда келишим түзүлгөн. Кампусту куруунун финансылык чыгымдарын Россия тарап каржылайт.
“Кампус үч этап менен 2026-2028, 2028-2030 жана 2030-2032-жылдарда курулат. Кыргызстан жер тилкесин бөлүп бергени жатат. Бул үчүн Байтик айыл аймагында 29,7 гектар жер тилкеси каралууда”, - деди ал.