Бишкек, 21.08.25 /Кабар/. Байтик айылынан башталган веложол Кашка-Сууга чейин уланат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда 3 чакырым аралыкта веложолдун негизин даярдоо, бордюрларды орнотуу жана бак-дарактардын ордун бошотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ушул жылы 9 чакырым веложол куруу пландалып жатат.
Буга чейин аталган веложолго 3,1 чакырым асфальт тɵшɵлүп, толук жарыктандырылган. Жумуштар "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Жаңы веложол Кашка-Сууга чейин узарып, жашоочуларга сергек жашоону колдоого жана коопсуз велосипед тебүүгө жакшы шарт түзөт.