Жазында Ысык-Көлдүн жээгине 19 чакырымдык веложолдун курулушу башталат

Туризм 11 февраль 2025 20:33
Жазында Ысык-Көлдүн жээгине 19 чакырымдык веложолдун курулушу башталат

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Жазында Ысык-Көлдүн жээгине 19 чакырымдык веложолдун курулушу башталат.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, веложол Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 56 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржыланган «Туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу» долбоорунун негизинде жасалат.

Долбоордо төмөнкүлөр каралган:

- Бостериден Кара-Ойго чейин саркынды сууларды тазалоочу жай жана канализациялык коллектор куруу;

- Чолпон-Ата шаарындагы Саймалуу-Таш петроглифтик музейин жана башка музейлерди реконструкциялоо;

- Ыңгайлуу эс алуу зоналары менен Ысык-Көлдүн жээгин бойлото 19 чакырымдык веложол куруу.

Долбоор 2025-жылдын март айында башталып, аны ишке ашыруу экологиялык абалды жакшыртууда жана аймактын туристтик потенциалын жогорулатууда маанилүү кадам болот.