Фискалдык саясат жана соцкоргоо. Байсалов Дүйнөлүк банктын делегациясы менен жолукту

Министрлер кабинети 30 Сентябрь 2025 14:35
68db8ddabfa04-thumb.JPG
68db8ddad141c-thumb.JPG
68db8ddae0ae6-thumb.JPG
68db8ddaeb9b8-thumb.JPG
68db8ddb7ca4c-thumb.JPG
68db8ddb243ab-thumb.JPG
68db8ddb604fe-thumb.JPG
68db8ddb606eb-thumb.JPG
Алдыга
Артка
68db8ddabfa04-thumb.JPG
68db8ddad141c-thumb.JPG
68db8ddae0ae6-thumb.JPG
68db8ddaeb9b8-thumb.JPG
68db8ddb7ca4c-thumb.JPG
68db8ddb243ab-thumb.JPG
68db8ddb604fe-thumb.JPG
68db8ddb606eb-thumb.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл жетектеген делегация менен жолукту.

Жолугушууда учурдагы фискалдык саясаттын бөлүштүрүүчү натыйжалары, натыйжалуулукту жогорулатуу, жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо маселелери талкууланды. Дүйнөлүк банк пландоону жакшыртуу үчүн айыл аймактарынын жана райондун деңгээлиндеги иштерди жүргүзүүнүн ыкмасын сунуштады.

Тараптар ошондой эле социалдык коргоо системасын чыңдоо жана калктын аялуу катмарын колдоо чаралары боюнча пикир алышты.

Эдил Байсалов Дүйнөлүк банкка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди, ал эми Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстандагы оң экономикалык көрсөткүчтөрдү жана мындан аркы  кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга умтуларын ырасташты.