Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. “Сейтек” борборунда Агартуу министрлигинин 2025-жылды жыйынтыктоочу коллегиясы өтүүдө.
Алгач коллегияны агартуу министри Догдургүл Кендирбаева ачып, сөздү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго берди.
Байсалов өз сөзүндө, өткөн жылы министрлик тарабынан аткарылган иштерге токтолуп, “Алтын казык” программасынын артыкчылыктарын белгиледи.
Коллегияга Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева,министрликтин өкүлдөрү, билим берүү тармагынын кызматкерлери, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышууда.