Байказы Айтикул уулу: Мопед айдагандар үчүн айдоочулук күбөлүккө жаңы категория киргизүү каралууда

Коом 1117 25 Февраль 2025 16:35
29311516-15be-4c55-abff-8e7ae224be9f.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-25 at 11.41.44.jpeg
Алдыга
Артка
29311516-15be-4c55-abff-8e7ae224be9f.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-25 at 11.41.44.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Мопед айдагандар үчүн айдоочулук күбөлүккө жаңы категория киргизүү каралууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, учурда бул боюнча атайын мыйзам долбоору даярдалып, тийиштүү кызматтарга жөнөтүлдү. Коомдук жолдо айдоо үчүн М -категориясын киргизүү менен скутер, мопед айдаган жарандар тартипке келет.

“Бул категория Кыргызстандын жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мопеддерди жана квадроциклдерди башкарууну жөнгө салуу үчүн чоң пайдасын берет. Аталган категорияны алуу үчүн, кошумча билим алуу керек. Мыйзамдуу түрдө экзамен тапшырышы керек болот”,-деди ал.

Ал кошумчалагандай мунун менен катар, эми самокат айдаган жарандар үчүн да катуу эрежелер, талаптар киргизилүүдө.

WhatsApp Image 2025-02-25 at 11.41.44.jpeg

“Тагыраагы эреже бузган жарандар үчүн эми миң сомдон 3 миң сомго чейин айып пул салынат. Муну коомчулук абдан жакшы колдоп жатат. Себеби, самокат менен катталган жол кырсыктары дагы абдан көп”,-деди Айтикул уулу.