Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Ала-Арча капчыгайынын Байчечекей чокусунан түшө албай калган россиялык 2 альпинист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 20-август күнү чокуга Ильюшинка 4б маршруту менен чыгып, кайтып келе жаткан Россияын 2 альпинистти караңгыда жол таппай тоодо түнөп калышкан.
Аталган чоку деңиз деңгээлинен 4515 метр бийиктикте жайгашкандыктан куткарууга ӨКМдин AIRBUS H125 тик учагы тартылып, саат 06:55те чокуда калган альпинисттерди тик учак менен Бишкек шаарына саат 07:19да алып келген.
ӨКМдин Апааттык медицина кызматынын дарыгерлери аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү.