Бай Лин: Кыргызстандын жаратылышы жана маданияты мени өзгөчө таасирлентти

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 12:40
Бай Лин: Кыргызстандын жаратылышы жана маданияты мени  өзгөчө таасирлентти
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. Голливуд актрисасы Бай Лин Кыргызстанга болгон сапарында өлкөнүн жаратылышына, маданиятына жана элдин жылуу мамилесине өзгөчө таасирленип, ө үйүндө жүргөндөй сезим болгонун Чолпон-Атадада өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, элибиздин меймандостугу жана жылуу мамилеси ага өзгөчө таасир калтырган.

“Кыргыз элинин өзгөчө маданияты да мени аябай таасирлентти. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары абдан кооз жана уникалдуу экен. Мен буга чейин мындай таасирдүү, укмуштуудай көрүнүштү эч качан көргөн эмесмин. Бул жердин жаратылышы, маданияты, адамдардын бири-бири менен достук мамилеси жагымдуу маанай жаратты”, — деди Бай Лин.

Актриса ошондой эле Ысык-Көлдүн өзгөчө жаратылышына суктанганын белгиледи.

“Ысык-Көл бул жердеги эң баалуу жана сыйкырдуу жаратылыштын бири экен. Көл абдан муздак болсо да, кечээ сууга түштүм. Бирок, андан кийин кандайдыр бир күч-кубат алгандай сезим болду. Бул маданияттын жана анын өзгөчө сыйкырынын бир бөлүгүн өзүм менен алып кетким келет”, — деди ал.

Ал Кыргызстанга кайра келип, колдоо көрсөтүү менен бул жерде кино тартууну каалай турганын белгиледи.

“Бул маданият, жылуулук жана адамдардын жакшы мамилеси мени аябай толкундатты. Колдоо көрсөтүп кино тарткым келет. Анткени бул жердин жаратылышы, тоолору, булуттары, жамгыры — баары өзгөчө. экен”, — деди Бай Лин.