Көп ата-эне баласынын жөндөмүнө жараша өнүгүүсү, келечеги жана тил үйрөнүүсү үчүн, ошондой эле заманбап шарттар, эл аралык программаларга катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн жеке мектептерди тандайт. Муну менен катар эле бүгүнкү күндө мектеп тартыштыгы жеке мектептерге болгон муктаждыкты жаратууда. Буга байланыштуу өлкө бийлиги мектеп ачуучуларга берилүүчү лицензиянын процедураларын жөнөкөйлөштүрүү аракетин көрүүдө. “Кабар” агенттиги өлкөдө канча жеке менчик мектеп бар, алар кандай иш алып барышат жана шарттары менен баалары кандай деген суроолорго жооп издеп көрдү.
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 2 394 жалпы билим берүү уюму бар. Алардын ичинен 2 170 мектеп мамлекеттик жана муниципалдык, ал эми 224ү жеке менчик билим берүү уюмдары болуп саналат.
Жеке менчик мектептердин көпчүлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда жайгашкан. Андан сырткары алар өлкөнүн башка аймактарында дагы иш алып барышат.
Кыргызстанда ата-энелер жеке мектептерди көбүнчө сапаттуу билим жана жакшы шарттар үчүн тандашат. Анда класстар чакан болгондуктан (бир класста 10-15 окуучу), мугалим ар бир окуучуга өзүнчө көңүл бура алат. Ошондой эле тил үйрөнүүгө, окутуу системасындагы шарттарга (заманбап лаборатория, спорт зал, курстар), кошумча сабактарга жана коопсуздукка карашат.

Дагы бир айырмачылыгы - мамлекеттик мектеп бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болсо, жеке мектептерде ар кандай окутуу төлөмдөрү коюлган. Арасында айына 8 миңден сомдон баштап, дээрлик 195 миңге чейинки жеке билим берүү мекемелери бар. АКШ доллары менен эсептегенде бир жылдык окуунун баасы – 800-20000$ болуп калат.
Айрым мектептердин облустар боюнча филиалдары бар. Мисалы, Билимкана фондунун өлкө боюнча 14 мектеби бар. Аталган мектептер Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Нарын облустарында жайгашкан.
Ошондой эле өлкөдө 1992-жылдан бери иш алып барып келе жаткан “Сапат” мекемесинин Бишкек шаары жана бардык облустарда 16 филиалы бар.
Креатив-Таалим, Учур, Маариф, Жетиген, Ыйман, Илим, Давха, Smart School, Келечек MIT, Эпсилон, Приоритет, American European School, Silk Road International School, Ellipse International School, Hope Academy of Bishkek, Oxford International School жана башка дагы көптөгөн дагы жеке менчик мектептер бар.

Өлкөнүн мыйзамына ылайык, кайсы гана билим берүү мекемеси болбосун, билим берүүдөгү мамлекеттик стандарт сакталышы шарт деп белгиленген. Жеке мектептердин арасында бул талапты эске алуу менен эл аралык IB, Cambridge, STEM сыяктуу программаларын колдонгондору да бар. Ошондой эле айрымдары салттуу окутууну колдонуу менен бирге интерактивдүү, инновациялык методдорду колдонушат.
Атап айтканда жеке билим берүү уюмдары мамлекеттик мектептерден программасы, тили, баасы, шарттары жана багыты боюнча айырмаланышат. Ошондой эле арасында диний багытта билим берген мекемелер бар. Андан сырткары алардын көбү орус жана англис тилинде, аз санда гана кыргыз тилинде окутушат.

Журналист Таттыбүбү Назаркулованын кызы Жаргылбекова Асема Intellect Pro School мектебинин кэмбридж классында 10-класста окуйт. Алар эмне себептен жеке мектепти тандашканы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:
Буга чейин кызыбыз жөнөкөй мектептерде окуду. Ал жерде балдардын көптүгүнөн улам мугалим бардык окуучуларды сурап жетише албайт экен. Кызым сабакка жакшы даярданып барганы менен суралбай калган учурлар канааттанбастыкты жаратты. Жеке мектепти тандообуздун бир себеби да ушул болду.
Бул мектепте кадимки предметтер менен катар кошумча IT сабактары окутулат. Балдардын мотивациясын арттыруу үчүн аларды эл аралык сынактарга катыштырып турушат. Окуучу өзүнүн кызыкчылыгына жана жөндөмүнө жараша өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлгөн. Ошондой эле окуучулардын психологиялык абалы көзөмөлдөнүп, жума сайын жыйындар өткөрүлөт. Анда балага туура мамиле жасоо, өткөөл куракта аң-сезимди колдоо сыяктуу маанилүү темалар талкууланат.

Мектепте коопсуздукка чоң көңүл бурулат. Директордун өзү буллингдин алдын алуу боюнча көзөмөл жүргүзүп турат. Ишемби күндөрү спорттук иш-чаралар өтөт. Кызыбыз үчүн мектеп ушунчалык кызыктуу болгондуктан, ал ар күнү кубаныч менен шашып барат.
Мектепте 4 маал тамак берилет. ЖРТга даярдоо үчүн 2 жылдык курс уюштурулган. Мектеп жетекчилиги окуучуларды чет өлкөдөгү жогорку окуу жайлар менен тааныштырып, келишим түзүү иштерин да жүргүзөт. Ал эми быйыл ЖРТдан эң жогорку балл алган бүтүрүүчүгө Lexus 470 үлгүсүндөгү автоунаа белек катары берилери айтылды.
Жогоруда айтылган жагдайлар, андан сырткары, кызыбыздын бактылуу балалыгы жана окууга болгон дилгирлиги бизди жеке менчик мектепти тандоого түрткү берди.
Бүгүн, Агартуу министрлиги жеке менчик мектептерди лицензиялоо жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлгөнүн билдирди.

Министрликтин аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова лицензиялоо иштеринин автоматташтырылып жаткандыгы тууралуу айтып берди.
“Өлкө боюнча мектептер жетишсиз болуп, бир класста 45 бала окуган учурлар кездешүүдө. Өкмөттүн акселераторлор программасынын алкагында башталгыч билим берүү мекемелеринин берилүүчү лиценцизиянын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү тапшырмасы коюлган.
Мектеп ачам деген киши ар бир министрликке барып отурбашы үчүн автоматташтырылган система иштелип чыгууда. Атап айтканда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл
департаменти жана ӨКМдин корутундулары бул система аркылуу 3–7 иш күнүнүн ичинде алынат. Мурункудай бир айга чейин күтүп отурууга муктаждык калбайт. Окуу планына аймактык билим берүү органдарынын макулдугу талап кылынбайт. Лицензия берүү комиссиянын катышуусуз ишке ашат (мурун комиссиянын иши 10 күнгө чейин созулчу) жана лицензиялык кеңештин чечимин күтүүнүн кереги жок болот (анын жыйындары айына 1–2 жолу өтчү). Эгер документтер талаптарга жооп берсе, лицензия автоматтык түрдө берилет”-деди.
Ошондой бөлүм башчысы эле бул система бардык жеке менчик мектептерге бирдей жасалып жаткандыгын кошумчалады.