Бааларды ооздуктоо: Инфляцияга каршы жаңы чаралар кантип иштейт?

Коом
Бааларды ооздуктоо: Инфляцияга каршы жаңы чаралар кантип иштейт?

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан баштап Инфляцияга каршы мамлекеттик программа иштеп баштайт. Анда каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу 2027-жылдын жыйынтыгын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча инфляцияны эң төмөнкү көрсөткүч менен жабуу пландалууда. Экономисттер бул мамлекеттик программа дүйнөлүк инфляция учурунда баларды турукташтырууга, ата мекендик өндүрүшкө басым жасоого өбөлгө түзөт деп белгилешүүдө. “Кабар” агенттиги Инфляцияга каршы мамлекеттик программанын артыкчылыктары тууралуу айтып берет.

Учурда инфляция жана керектөө баалары дүйнө жүзү боюнча бир калыпта турбай өзгөрүүлөргө учуроодо. Бир катар мамлекеттерде ички рынокту турукташтыруу жана баалардын өсүшүн ооздуктоо боюнча чаралар көрүлүп жатат. Кыргызстан да четте калбай бул багытта иш алып барууда. 2027-жылга атайын Инфляцияга каршы мамлекеттик программа жүзөгө ашмай болду. Буга чейин мындай мамлекеттик программа түзүлгөн эмес. Министрлик, агенттик жана ведомстволор бааларды турукташтыруу жана инфляцияга каршы өз-өзүнчө кандайдыр бир чараларды мекемесинин деңгээлинде гана жүргүзүп келген. Бул ирет иштелип чыккан мамлекеттик программада инфляцияны ооздуктоого багытталган бүтүндөй комплекстүү иш-чаралар камтылды. Анын аркасы менен калк оң жыйынтыкты сезе алары күтүлүүдө.

Экономика жана коммерция министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүшүн кармап туруу, ички рынокту турукташтырууну жана толуктоону камсыздоо боюнча комплекстүү чараларды жүргүзүү, ошондой эле 2026–2027-жылдары ата мекендик өндүрүшкө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максаты коюлууда.

Ага ылайык, министрлер кабинетинин 2026–2027-жылдарга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы кабыл алынган. Планды ишке ашырууга бир катар мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартылган.

Экономика жана коммерция министрлигине бекитилген иш-чараларды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүү тапшырылган.

Планда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги, мэриялар, Улуттук банк жана Улуттук статистика комитети маанилүү тармактар үчүн жооптуу. Ошондой эле башка мамлекеттик органдарга да бир катар иштерди аткаруу жүктөлгөн.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине айыл чарба тармагында маанилүү иш-чаралар каралган.

Өндүрүш жана колдоо: Ички өндүрүштү жана тоют базасын жогорулатуунун максаттуу программалары, ички өндүрүштү мамлекеттик колдоо жана агроөнөр жай комплексин жеңилдетилген насыялоо, чек арада фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздукту көзөмөлдөө.

Рынок жана соода: Ички рынокко айыл чарба продукцияларын жеткирүүнү уюштуруу, эт жарманкелерин уюштуруу, айыл чарба жарманкелерин өткөрүү, суроо-талап менен сунуштун эсептелген көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу.

Мониторинг жана талдоо: Чекене бааларды көзөмөлдөө, баа кырдаалын жана атаандаштык чөйрөнү талдоо, айдоо аянттарын, түшүмдүүлүктү жана эт өндүрүүнү талдоо, айдоо аянттарын натыйжалуу пайдалануу, айыл чарба кластерлерин жана макулдашууларды түзүү, экспортко убактылуу тыюу салууларды/чектөөлөрдү киргизүү.

Эт тармагы жана реестрлер: Эт тармагынын көйгөйлөрүн талдоо, социалдык маанидеги товарлардын рыногун талдоо, мал өстүрүүчүлөрдүн, эт жеткирүүчүлөрдүн, мал союучу цехтердин реестрин түзүү, асыл тукум мал башын көбөйтүү жана башка иштер.

“Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча инфляция өсүп жатат. Мисалы, чет өлкөдө 12 пайызга чейин жогоруласа, Кыргызстанда 10 пайызга чейин жетти деп эсептелүүдө. Инфляцияны мындан ары азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана рынокто бааларды туруктуу кармоо боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Эмки жылга инфляцияны 5-7 пайызга кармап туруу максаты коюлууда. Буга байланыштуу айыл чарбасын өнүктүрүү, рынокко чыгарылга турган продукцияларды жеткиликтүү көлөмдө өндүрүү планга киргизилген”, - деди ал.

Аскарбекованын айтымында, инфляцияга каршы бааларды кармап калуу максатталган. Ошондой эле рынокко азык-түлүк товарынын жеткиликтүүлүгүн көбөйтүү зарыл.

"Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча инфляция жогорку темп менен өсүп жатат. Мисалы, чет өлкөдө 12 пайызга чейин жогоруласа, Кыргызстанда 10 пайызга чейин жетти деп эсептелүүдө. Инфляцияны басуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана рынокто бааларды туруктуу кармоо боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Эмки жылга инфляцияны 5-7 пайызга кармап туруу максаты коюлууда. Буга байланыштуу айыл чарбасын өнүктүрүү, рынокко чыгарыла турган продукцияларды жеткиликтүү көлөмдө өндүрүү планга киргизилген", — деди ал.

Дамира Аскарбекова белгилегендей, бүгүнкү күндө эттин баасы өсүп жаткандыгына жана коңшу өлкөлөрдө Кыргызстанга караганда эттин баасы кымбатыраак болгондугуна байланыштуу, ошондой эле эттин азыркы учурдагы баасын кармап туруу максатында 20 миң баш бодо малды өлкөгө киргизүү пландалган.

Мындан тышкары, Бишкек шаары боюнча пилоттук негизде иштеп жаткан эт саткан фудтрактардын санын көбөйтүү каралууда. Ага ылайык, Кыргызстанда жалпысынан эт сатуучу фудтрактардын саны 100гө жеткирилмекчи.

"Тоок этине суроо-талап өскөндүктөн 4 ири кайра иштетүүчү фабриканы куруу пландалууда. Өлкөгө импорттолуучу дан азыгы менен май чыгарылчу өсүмдүктөрдү сактоочу, 100 миң тоннага ылайыкталган кампаларды курууга жеңилдетилген насыялар берилет. Муну менен биз азык-түлүк менен өзүбүздү камсыздап, кайра иштетүү колго алынат. Ошондой эле сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар менен ортомчулардын ортосунда субсидияларды кароо мерчемделген. Ошол эле маалда май өсүмдүктөрүн өстүрүүнү 10 миң гектарга чейин жеткирүү пландалган", — деп айтты Аскарбекова.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош мэриялары жер-жерлердеги аткаруу иштерине жооптуу. Ички рынокко айыл чарба продукцияларын жеткирүүнү уюштуруу, социалдык соода павильондорун ачуу, этти дүңүнөн сатуу түйүндөрүн уюштуруу, фермерлерге шаарларда соода кылуу үчүн жер тилкелерин берүү, жарманкелерди уюштуруу, жумалык айыл чарба жарманкелерин өткөрүү милдети турат. Ошондой эле чекене бааларды көзөмөлдөө, айдоо аянттарын туура пайдалануу, мал өстүрүүчүлөрдүн, мал союучу цехтердин, дүң жеткирүүчүлөрдүн реестрлерин түзүү да белгиленген.

Экономика жана коммерция министрлиги рынокту жөнгө салуу, талдоо жана тарифтик саясат үчүн жооптуу. Мында баалар негизсиз өскөндө аларды мамлекеттик жөнгө салуу, импорттоочуларга сүйлөшүүлөрдө жана келишимдерде көмөктөшүү, ички рынокко продукция жеткирүүнү уюштуруу жана башка иш-чараларды аткаруусу зарыл. Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүү жана инфляцияны 5–7% деңгээлинде кармоо, акча сунушун (массасын) жөнгө салуусу шарт. Финансы министрлиги бюджет жана каржылоо иштерин карайт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мамлекеттик материалдык резервдерди толтурушу шарт. Башка министрликтерге жана ведомстволорго да максатталган иш-аракеттерди биргеликте ишке ашырууга катышуусу белгиленген.

Экономист Искендер Шаршеев Кыргызстанда инфляцияны кармап туруу үчүн сунушталган чаралар баалардын өсүшүн басаңдатып, рыноктогу кескин секириктерди жумшартууга жардам бере алат деп эсептейт.

Анын пикиринде, эт, ун сыяктуу социалдык маанилүү товарлардын баасын туруктуу кармоо үчүн артыкчылык айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүүгө жана фермерлерге түздөн-түз колдоо көрсөтүүгө берилиши маанилүү болууда.

“Анткени бул ички сунушту туруктуу жогорулатып, узак мөөнөттүү эффект берет. Ал эми өндүрүштү өнүктүрүү менен бирге логистиканы жакшыртуу жана субсидияларды туура бөлүштүрүү натыйжалуу болот”, - деди экономист.

Шаршеев белгилегендей, министрлер кабинети инфляцияны 5–7 пайыз деңгээлинде кармоо максатын ишке ашыруу үчүн системалуу саясат жүргүзүү планын коюуда. Мында акча-кредит саясаты субсидияларды максаттуу жана убактылуу кылуу, дефицитти чектөө жана ички өндүрүштү өнүктүрүү – айыл чарбасын, кайра иштетүүнү колдоо бири-бири менен шайкеш жүргүзүлүшү манилүү. Мында суроо-талапты эске алуу, чыгымдарды башкаруу, өндүрүштү өнүктүрүү жалпы туруктуулукту камсыз кылат.