БА өлкөлөрү жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук келишими ратификацияланды

Президент 23 октябрь 2025 16:35
БА өлкөлөрү жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук келишими ратификацияланды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган.