БА өлкө башчыларынын Ташкенттеги жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Президент
БА өлкө башчыларынын Ташкенттеги жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
БА өлкө башчыларынын Ташкенттеги жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышты.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекет башчылар тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлуп, кабыл алынды:

— Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;

– Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө-мамлекеттерге Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусу;

— Азербайжандын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна толук кандуу катышуусу жөнүндө чечим;

— Борбор Азиядагы аймактык коопсуздуктун, туруктуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн концепциясы;

— 2026-2028-жылдарга карата Борбор Азиянын коопсуздугуна байланыштуу тобокелдиктердин каталогу жана аларды алдын алуу чаралары.