Окуучуларга билим, тарбия берүүдөн мурда мугалимдер өзүбүз өзгөрүшүбүз керек - Токтомаметов

Билим Загрузка... 03 Октябрь 2025 12:42
WhatsApp Image 2025-10-03 at 12.34.51.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Азыркы Z муунундагы окуучуларга билим, тарбия берүүдө балдарга чейин биринчи мугалимдер өзүбүз өзгөрүшүбүз керек. Мындай пикирин Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, окуучуларга чейин мугалимдер өзгөрсө, анда окуучулар менен тил табышуу да оңой болот.

“Балдардын Z муунуна билим берүү, тарбиялоодо кандай иштешүү керек деген маселеге токтолсок, биринчи мугалимдер өзүбүз өзгөрүшүбүз керек. Азыр окуучуларды тескерисинче жардамчы кылып алып, өзүбүз насаатчы болсок болот. Мисалы, интернеттен бир тиркемени колдонуу керек болсо, балдар эң соонун жардам берет. Балдардын барын өзүм сүйрөп окутам деген психологиядан мугалимдер кетишибиз керек. Тескерисинче билим алууда балдар өздөрү кызыкдар болуп билим алышы керек. Балдарды мугалим өзүнө тартып, жардамчы кылып алып ишин жүргүзүп, классы менен чогу бир команда катары иш алып барам деген ойго келиши керек”,- деди Токтомаметов.

Экинчиден коомдо мугалимге болгон мамилени өзгөртүү, ата-энелердин мектепке көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

“Айрыкча ата-эне мектепке көңүл бөлбөсө, мектепте эч кандай жыйынтык болушу мүмкүн эмес. Министрлик бул багытта бир долбоор баштадык, мында бир мектептин мугалимдерин, жогорку класстагы окуучуларын жана ата-энелерди окутабыз. Ошондой эле ошол аймактан демөөрчүлөрдү таап жатабыз, алар мектепке жардам беришет. Башкача айтканда, бүтүндөй коомду көтөрүп, көңүлдү мектепке буруп, мектептин маселесин чечүү, билимдин сапаттын көтөрүүгө багытталган долбоор. Бул долбоорду жалпы өлкөгө үлгү катары көрсөтөбүз. Анткени, учурда бизде ата-энелер менен мугалимдер бири-бирине оппонент болуп алган учурлар бар. Бул билим берүүгө, баланын эртеңки келечегине терс таасирин тийгизе турган көрүнүш”,- дейт ал.

Ошондой эле Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту квалификацияны жогорулатуудан башка 2 жыл мурда кайра даярдоо ишин баштаганын билдирди. Мисалы, физика мугалими башталгыч класстын мугалими болгусу келсе институтта бир жарым жыл сырттан окуп, мурдагы дипломунун негизинде диплом ала алат. Азыр кайра даярдоодон өткөн эң көп бүтүрүүчүлөр кыргыз жана орус тилинде башталгыч класстын мугалимдери экени маалымдалды.

Эске салсак, жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленет. Негизи бул күн 1994-жылы негизделип, Кыргызстанда 2014-жылы өкмөттүн токтому менен Мугалимдер күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган. Белгилей кетсек, учурда эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдордун кесиби эсептелет. Алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Учурда өлкөдөгү 2 миңден ашык мектептерде 90 миңден ашык мугалимдер эмгектенет.