Акыркы жылдары айыл чарба тармагында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү байкалууда. Мамлекет тарабынан дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү, айыл чарба техникасын жаңылоо, сугат системаларын реконструкциялоо жана үрөн чарбасын өнүктүрүү боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүп келет.
Мындай иш-аракеттердин натыйжасында бир катар азык-түлүк түрлөрү боюнча ички өндүрүштүн көлөмү көбөйүп, өлкөнүн өзүн-өзү камсыздоо мүмкүнчүлүгү кеңейүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылга карата Кыргызстан негизги 9 азык-түлүктүн алтоосу боюнча өзүн-өзү толук камсыздоо деңгээлине жетти.

Алардын катарына төмөндөгү азыктар кирет:
- эт;
- кант;
- сүт;
- жумуртка;
- картошка;
- жашылча жана бакча өсүмдүктөрү.
Ал эми 2020-жылдан 2025-жылга чейин мамлекеттик колдоонун жана дыйкандардын мээнетинин натыйжасында өлкөнүн өзүн-өзү камсыздоо көрсөткүчү төмөнкүдөй жогорулаган:

Маалыматка ылайык, негизги азык-түлүктөр боюнча өзүн-өзү камсыздоо көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй өскөн:
- Сүт — 112 пайыздан 127,3 пайызга;
- Эт — 63,6 пайыздан 85,7 пайызга;
- Кант — 15 пайыздан 82,1 пайызга;
- Жумуртка — 56,4 пайыздан 79,8 пайызга;
- Өсүмдүк майы — 34 пайыздан 51,7 пайызга;
- Мөмө-жемиштер — 15 пайыздан 51,4 пайызга.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө картошка менен өзүн-өзү камсыздоо деңгээли 167,1 пайызды, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү боюнча 177,9 пайызды, ал эми сүт боюнча 127,3 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда эт (85,7 пайыз), кант (82,1 пайыз) жана жумуртка (79,8 пайыз) боюнча да көрсөткүчтөр жогору болгон. Ал эми нан азыктары боюнча көрсөткүч 49,2 пайызды, мөмө-жемиштер 51,4 пайызды жана өсүмдүк майы 51,7 пайызды түзгөн.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин айтымында, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы концепция иштелип чыкты.

Анын белгилешинче, учурда азык-түлүк рыногундагы ар кандай тобокелдиктерге, анын ичинде баалардын өсүшүнө же төмөндөшүнө, товарлардын тартыштыгы жана ашыкча көлөмү жаралган учурларга карата иш-аракеттердин сценарийлери даярдалууда. Ошондой эле бул багыттагы укуктук-ченемдик актылар да иштелип чыгып жатат.
"Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өлкөдө жетишсиз болгон азык-түлүк товарларын алып келүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Маселен, учурда тоок эти боюнча ички керектөө толук камсыздалбагандыктан, жыл сайын жеңилдетилген режимде 58 миң тонна көлөмүндө квота алынат. Мындан тышкары, кант, буудай жана өсүмдүк майы сыяктуу жетишсиз товарларды импорттоо боюнча ассоциацияларга колдоо көрсөтүлүп жатат", — деди ал.

Чекирбаев ошондой эле ар бир айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган өзүнчө программалар бар экенин белгиледи. Алардын катарына багбанчылыкты өнүктүрүү, ирригациялык системаларды жакшыртуу жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлор кирет.
Анын айтымында, учурда негизги басым жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө жасалууда. Ошону менен катар азык-түлүк рыногунда күтүлбөгөн кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүү механизмдери иштелип чыгууда. Азык-түлүккө болгон баалар кескин өзгөргөндө, товар тартыштыгы же ашыкча сунуш пайда болгондо бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын бирдиктүү система аркылуу ыкчам аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча тиешелүү даярдыктар көрүлүүдө.