Бишкек, 11.04.26. /Кабар/. Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алтынчы күнүндө килемге эркин күрөш боюнча балбандар чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчулар 61, 74, 86, 92 жана 125 кг чейинки салмакта күч сынашат.
Кыргызтандын мелдешке чыга турган балбандары:
61 кг чейин — Бекзат Алмаз уулу;
74 кг чейин — Орозобек Токтомамбетов;
86 кг чейин — Малик Шаваев;
92 кг чейин — Яков Чаплин;
125 кг чейин — Арсланбек Турдубеков.
Алдын ала беттештер саат 11:00дө башталат.