Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көчмөндөрдүн улуу ар түрдүү күрөш өкүлдөрү таймашууда. Бул тууралуу Улуттук оюндар боюнча дирекциянын директорунун кеңешчиси, эмгек сиңирген машыктыруучу Алмазбек Касенов “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда ар бир өлкөдөн келген мыкты балбандар арасында финалдык таймаштар өтүп жатат. Кыргызстандын атынан үч балбан күч сынашууда.
“Буга чейин мыкты деген балбандар тандалып чыккан. Эми ар бир күрөш түрүнөн чемпиондор, эң мыктылар аныкталууда. Азыр финалга биздин Бактияр деген жигитибиз чыкты. Дагы бир беттеште түркмөн балбаны менен кыргыз балбаны күрөшүп жатат. Экөөнүн бири финалга чыкса, андан кийин финалисттер улуттук күрөштүн жеңүүчүсү деп аталат”, — деди Алмазбек Касенов.
Ал белгилегендей, финалдык беттештен кийин азыркы Көчмөндөр оюнунун жеңүүчүсү менен буга чейинки оюндардын чемпиону күрөшөт. Бул беттеште “Көчмөндөрдүн эң мыкты балбаны” наамынын ээси аныкталат.
"Мелдешке Иран, Россия, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кореядан келген балбандар катышууда.
Биздин жигиттерден үчөө күрөшүп жатат. Азыр финалга дагы бир кыргыз балбаны чыкты. Ошондуктан акыркы беттештерди күтүп, даяр турабыз”, — деди ал.