Көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө кыргыз балбаны жеңиш үчүн ат салышууда

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 11:55
WhatsApp Image 2026-09-06 at 08.46.29 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-06 at 08.46.29 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-06 at 08.46.29.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-06 at 08.46.20.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-06 at 08.46.29 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-06 at 08.46.29 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-06 at 08.46.29.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-06 at 08.46.20.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө күрөштүн ар түрдүү түрлөрүнүн чемпиондору күч сынашууда. Бул тууралуу кыргызстандык “Барс” клубунун машыктыруучусу Иманбек Кашкараев “Кабар” агенттигине билдирди.

“Биз Кыргызстандын “Барс” клубунан болобуз. Негизинен самбо боюнча күрөшөбүз. Мен өзүм машыктыруучумун. Бүгүн бул мелдеште тажик күрөшү, азербайжан күрөшү, кыргыз күрөшү, казак күрөшү жана башка күрөш түрлөрүнүн чемпиондору күч сынашып жатат. Эң мыкты, эң күчтүү балбан ким экени аныкталат.

Мен машыктырган балбан Орозбек Алмазбеков самбо жана дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ошондой эле Азия оюндарында күрөшүп келген. Азыр эки беттешке катышып, экөөндө тең жеңишке жетти. Эми финалга чыгуу үчүн дагы бир беттешке чыгат. Чемпион болууга аракет кылып жатат”, — деди машыктыруучу.