Ажылык – 2026: Зыяратчыларды ташуучу авиакомпания тандалды

Коом 10 октябрь 2025 11:34
2397bac6-ea95-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
d5ba9076-11c6-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
2397bac6-ea95-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
d5ba9076-11c6-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. 2026-жылы ажылыкка бара турган зыяратчыларды ташуучу авиакомпания тандалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Күн мурун башкармалыкта 2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча ведомстволор аралык Убактылуу республикалык штабдын жыйыны өттү.

Жыйында ажылык сапарды уюштуруу багытында авиакомпания тандоо маселеси каралып, атайын түзүлгөн комиссиянын чечими кабыл алынды.

Тактап айтканда, сынактын жыйынтыгында "Flyadeal" авиакомпаниясы жеңүүчү деп табылып, аталган компанияга кыргызстандык 6060 ажылыкка баруучуларды ташуу укугу берилди.