Кыргызстандык студенттер Азербайжанда акысыз окуй алышат: Каттоо башталды

Билим Загрузка... 22 Июнь 2026 15:10
baku_29.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын жарандары үчүн 2026-2027-окуу жылына карата Азербайжандын жогорку окуу жайларында бакалавриат программалары боюнча билим алууга 5 гранттык орун бөлүндү.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул мүмкүнчүлүк 2024-жылдын 24-апрелинде түзүлгөн Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда.

"Азербайжандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу төмөнкү платформа аркылуу жүргүзүлөт. Талапкерлер белгиленген тартипте каттоодон өтүп, керектүү документтерди электрондук түрдө тапшыруусу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Толук маалымат - Pdf файл