Азербайжандын маданият министри “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды

Коом Загрузка... 22 Апрель 2025 15:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Бүгүн, 22-апрелде Азербайжандын маданият министри Адиль Габиль оглу Каримли Кыргызстанга расмий иш сапарынын алкагында “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Сапардын жүрүшүндө министр Адиль Каримли 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда (Үркүндө) каза болгондордун эстелигине гүлчамбар коюп, кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду.

Иш-чарада Азербайжандын маданият министрин Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков коштоп жүрдү.

Меймандар мемориалдык комплекстин музейи менен таанышып, экспозициялар боюнча маалымат алды.