Азербайжан Кыргызстанга 10 өрт өчүрүүчү унаа берди

Коом
493738327_1080472817458777_7230062312875044894_n.jpg
492498576_1080472340792158_8445005325301502686_n (1).jpg
492422384_1080472744125451_5925706906925471143_n.jpg
492558681_1080472427458816_5308459524020249983_n.jpg
492716463_1080472547458804_5060157113802243064_n.jpg
493402268_1080472640792128_4072895169539148251_n.jpg
493796044_1080472480792144_3942882846666797957_n.jpg
493968932_1080472890792103_6047682132036401121_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азербайжан өлкөсүнүн 10 өрт өчүрүүчү техникасы тапшырылды.

Тапшыруу салтанатында министр Бообек Ажикеев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддинди жылуу кабыл алып, түрк тилдүү эки өлкөнүн маданий-гуманитардык, социалдык-экономикалык багыттагы кызматташтыгы достук маанайда өнүгүп келгендигине жана дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүүсүнөн жаралган өзгөчө кырдаалдардын коомчулукка тийгизген таасирине токтолду.

“Бүгүн гуманитардык жардамга келген техникалар менен өрт өчүрүүчү бөлүктөрдүн потенциалын жогорулатып, адам өмүрүн сактап калууга өбөлгө болчу кубанычтуу иш-чаранын күбөсү болуудабыз. Азербайжан берген ондогон өрт өчүрүүчү унааларды алдык. Бул саамалык өрт кырсыгынын кесепеттерин жоюуда бир топ жеңилдик берет”, - деген Ажикеев эки өлкөнүн куткаруучуларынын кызматташтыгы мындан ары дагы бекемделерин айтты.

Ал эми Азербайжандын элчиси кыргызстандык куткаруучу- өрт өчүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалап, түрк тилдүү өлкөлөрүнүн достук байланышын бекемдөөгө данакер болууга, өлкөлөр ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн арттырууга токтолду.