Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Баку шаарында Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Ялчин Рафиев менен жолугушту.
Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, тараптар Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелерди талкуулашты. Атап айтканда, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын (UNFCCC) ар жылдык иш-чарасы катары тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча диалогду бекемдөө жана UNFCCC алкагында "Тоо өнөктөштүгү" сүйлөшүү тобун кеңейтүү маселелери каралды.
Ошол эле учурда азербайжан тарапка 2025-жылдын 24-25-апрелинде Бишкек шаарында өткөрүлүшү пландалган "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу/Бишкек+25" эл аралык конференциясына катышуу үчүн расмий чакыруулар берилген.
Ялчин Рафиев Азербайжан Кыргызстандын тоо жаатындагы демилгелерин илгерилетүү маселелерине колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.