Кыргызстан менен Азербайжандын статистика чөйрөсүндөгү кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Коом Загрузка... 17 Февраль 2025 15:23
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Баку шаарында Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов менен Азербайжандын Статистика боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Таир Будаговдун жолугушуусу өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар статистика, тажрыйба жана маалымат алмашуу жаатында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин, ошондой эле статистикалык талдоо жана маалыматтарды санариптештирүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Элчи Максат Мамытканов Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы статистикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, статистикалык маалыматтар жана методологиялар менен алмашуу мамлекеттик башкаруунун жана экономикалык пландоонун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Элчи ошондой эле эки өлкөнүн профилдик органдарынын ортосунда расмий статистика жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга даярдык көрүү жана кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады, бул маалымат алмашуу жана алдыңкы методологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калат.

Өз кезегинде Таир Будагов статистикалык изилдөөлөр, санариптик технологиялар жана маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу процесстерин автоматташтыруу жаатында алдыңкы тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, боордош өлкө менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярдыгын белгиледи.

Тараптар статистика чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.