Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. АКШнын Глобалдык медиа агенттиги "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна анын ишин каржылаган федералдык грантты токтотуп жатканын кабарлады. Бул тууралуу The Insider интернет басылмасы жазып чыкты.
Анда айтылгандай, аталган маалымат каражаттарынын бир нече журналисттери USAGMдин катын жарыялашты, анда Конгресс бекиткен «Азаттык» радиосунун гранттык каржылоосу токтотулганы баяндалган. Документке USAGM жетекчисинин улук кеңешчиси болуп дайындалган Кари Лейк кол коюп, гранттар 15-марттан тарта күчүн жогото турганы айтылган.
Мунун фонунда "Америка үнү" өз кызматкерлерине административдик өргүүгө чыгарылганы тууралуу билдирүү жөнөттү.
"Америка үнү" радиосунун директору Майкл Абрамовицтин айтымында, 1300дөй кызматкерге административдик өргүүгө чыкканы тууралуу кат жиберилген.
"83 жылдан бери биринчи жолу легендарлуу "Америка үнү" үн каткан жок", - деп жазган ал.
"Алар бизди биротоло жаап салышты. "Мен эми жумушсузмун" деди "Америка үнүнүн" кызматкерлеринин бири. Анын айтмыныда, аларды кеңсеге киргизбей коюшкан.
Эске салсак, Американын президенти Дональд Трамп жети федералдык агенттикти, анын ичинде "Америка үнү" жана "Азаттык" радиосун каржылагандардын штатын кыскартуу боюнча буйрукка кол койгон.