Азамат Жамангулов: Санариптик технологиялар ар бир адам үчүн ыңгайлуу болушу керек

Экономика 28 февраль 2025 11:29
Азамат Жамангулов: Санариптик технологиялар ар бир адам үчүн ыңгайлуу болушу керек
copyright icon Санариптик өнүктүрүү министрлиги

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Санариптик технологиялар ар бир адам үчүн ыңгайлуу болушу керек, - деди санариптик өнүктүрүү министри Азаман Жамангулов Digital Kyrgyzstan III эл аралык ПЛАС-форумунда.

ОШондой эле ал форумда санариптик мамлекеттик кызматтардын өнүгүшү жана жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди.

"Биздин максатыбыз - санариптик технологияны жөнөкөй, ыңгайлуу жана баарына жеткиликтүү кылуу. Бүгүнкү күндө биз жарандар мамлекеттик кызматтарды тез, коопсуз жана жеңил алышы үчүн иштеп жатабыз", - деп белгиледи министр.

Белгиленгендей, Кыргызстанда санариптик трансформация уланууда жана технологиялар жарандардын кызыкчылыгында чындап иштеши үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы чечимдерди жигердүү киргизүүдө.