Азамат Жамангулов Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатына тааныштырылды

Коом 1492 29 Январь 2025 12:41
WhatsApp Image 2025-01-29 at 09.33.28.jpeg
WhatsApp Image 2025-01-29 at 09.33.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-29 at 09.33.29.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-01-29 at 09.33.28.jpeg
WhatsApp Image 2025-01-29 at 09.33.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-29 at 09.33.29.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Санариптик өнүктүрүү министрлигин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Азамат Жамангулов эмгек жааматка тааныштырылды.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн, 29-январда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучусу Азамат Жамангуловду тааныштырды.

Белгилей кетсек, Жамангулов бул кызматка президенттин жарлыгы менен бекитилген.

Эске салсак, Нурия Кутнаева ээлеген кызматынан бошотулганы маалымдалган.