Айлык аз: Литвада полиция кызматкерлери массалык түрдө иштен кетиши мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 06 Ноябрь 2025 12:42
WhatsApp Image 2025-11-06 at 10.29.55.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.25 /Кабар/. Литвада укук коргоо органдарынын кызматкерлери айлык маянасына канааттанбагандыктан массалык түрдө иштен кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Литва полициясынын башкы комиссары Арунас Паулаускас полицияда 25 жылдан ашык иштеген кызматкерлерге кызматта калган учурда кошумча сыйлык берүү убада кылынганын, бирок бул үчүн зарыл каражат бөлүнбөгөнүн түшүндүрдү.

“Жаңы жылдан кийин, эгерде кошумча каржылоо азыркы бюджеттегидей бойдон калса, анда январь, февраль жана март айларында полициядан болжол менен 300–400 кызматкер кетиши мүмкүн деп ойлойм”,- деп билдирген ал.

Анын айтымында, айлык акылардын аздыгынан улам көпчүлүк кызматкерлер кошумча жумуш издөөгө мажбур.

“Ошондуктан алар жумушка чарчап келип, бул иштин сапатына да таасир этүүдө. Дагы бир чоң көйгөй - инфраструктуранын абалы. Биздин имараттардын жана техниканын 80% эскирип, жаңыланууга муктаж”,- деген ал.