Айдоочуларга эскертүү! Боом капчыгайындагы кооптуу таштар түшүрүлөт

Аймак Загрузка... 10 Октябрь 2025 14:40
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. 13-17-октябрда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-чакырымындагы Боом капчыгайынын аймагында (темир жолдун 3898-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, таш түшүрүү иштери аба ырайынын шарттарын эске алуу менен, күндүзү саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында ЖКККББ тарабынан унаа жол убактылуу жарым-жартылай жабылат.

Унаа жолду таштардан тазалоо учурунда кыймыл бир тилке боюнча уюштурулат. Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таштарды түшүрүү иши убактылуу токтотулуп, унаалардын өтүшү камсыздалат.