Аяз Баетов Женевада Адам укуктары боюнча кеңештин 49-сессиясынын алкагында БУУга өлкөнүн отчетун берди

Коом Жүктөлүүдө... 28 Апрель 2025 20:21
09256a6e-fb90-4e4d-b655-91780a01bddc.jpeg
55d1c391-f0ed-4b3a-ab6b-2e0631dbfe34.jpeg
IMG-20250428-WA0063.jpg
822d4f9b-ae35-4582-8476-e6b80f67a89d.jpeg
34ffffa2-930e-4b3e-983f-6242ef880a5d.jpeg
57eb8514-4d4d-4b28-bc34-45dbf1be297b.jpeg
32bc62c6-4843-4fa0-bbd5-c3046f6fb219.jpeg
Алдыга
Артка
09256a6e-fb90-4e4d-b655-91780a01bddc.jpeg
55d1c391-f0ed-4b3a-ab6b-2e0631dbfe34.jpeg
IMG-20250428-WA0063.jpg
822d4f9b-ae35-4582-8476-e6b80f67a89d.jpeg
34ffffa2-930e-4b3e-983f-6242ef880a5d.jpeg
57eb8514-4d4d-4b28-bc34-45dbf1be297b.jpeg
32bc62c6-4843-4fa0-bbd5-c3046f6fb219.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Юстиция министрлиги

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде Женева шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетов жетектеген Кыргызстандын делегациясы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Универсалдык мезгилдик кароонун 49-сессиясына катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, сессиянын алкагында Универсалдуу мезгилдүү баяндаманын алкагындагы Кыргызстандын төртүнчү улуттук доклады сунушталды.

Талкуунун жүрүшүндө БУУга мүчө мамлекеттер жана эл аралык өнөктөштөр менен мазмундуу жана динамикалуу пикир алмашуу орун алды.

Делегация мүчөлөрү өз сөздөрүндө Кыргыз Республикасынын Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, алдыга жылдырууга жана ишке ашырууга болгон умтулуусун өзгөчө баса белгилешти, ошондой эле өлкөнүн бул чөйрөдө өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди ырааттуу аткарууга чечкиндүүлүгүн ырасташты.

Жарандардын укуктарын камсыз кылууда, гендердик теңчиликти алдыга жылдырууда, мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин бекемдөөдө жана жарандык коомдун институттарын өнүктүрүүдө жетишилген прогресске өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз делегациясы өз кезегнде жетишилген натыйжаларды бекемдөө боюнча күч-аракеттерди мындан ары да арттырууга жана адам укуктарын натыйжалуу илгерилетүү үчүн эл аралык коомчулук менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга бекем даярдыгын билдирди.