Аялдардын шайлоого катышуусу үчүн өзгөчө шарттар түзүлдү - президент

Президент Загрузка... 30 Сентябрь 2025 21:50
1054792990_0_313_28.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек 30.09.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн алдыда боло турчу Жогорку Кеңештин шайлоосу тууралуу кайрылуу жасап жатып, андагы аялдар үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу айтты.

“Үчүнчү орун аялдарда. Мурда аялдар эркектер менен бирдей шартта эле шайлоого катышчу.

Дүйнөдө бир да өлкөдө жок системаны киргиздик. Аялдардын укугу тебеленбесин дедик. Биз аялдарды сыйлаган улутпуз. Биздин улуттан эл башкарган аялдар, мекенин коргогон баатыр кыздар чыккан.

Ошол эле адам укугун, аялдардын укугун коргошубуз керек деп кыйкырган өлкөлөрдө аялдар үчүн мындай шарттар жок. Айткан сөздөрү менен кылган иштери дал келбейт. Башкалардан талап кылганды жакшы билишет, бирок өздөрү ошол талаптарды иш жүзүндө аткарышпайт”,-деди.

Белгилей кетсек, 25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алып, президенттин жарлыгы менен кезектеги 8-чакырылыштын депутаттарын шайлоо күнүн 30-ноябрга белгиленди.

Ошондой эле бул жолку шайлоодо Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бир жыныстагы өкүлдөргө экиден ашык мандат берилбей тургандыгы белгилүү болду.