Австриядагы кыргызстандык адистер окуучуларга онлайн сабак өтөт

Билим 3453 12 Апрель 2026 14:22
WhatsApp Image 2026-04-12 at 11.46.22.jpeg
669649033_1402184201955320_2697884836943036101_n.jpg
669041842_1402184111955329_4139472331140161448_n.jpg
669354361_1402184138621993_5191202942509300326_n.jpg
671193951_1402184141955326_5649910336767802451_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-12 at 11.46.22.jpeg
669649033_1402184201955320_2697884836943036101_n.jpg
669041842_1402184111955329_4139472331140161448_n.jpg
669354361_1402184138621993_5191202942509300326_n.jpg
671193951_1402184141955326_5649910336767802451_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 11-апрелде Австрияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, анда министр мекендештердин балдарын кыргыз тилинде окутуу боюнча сунуш-пикирлерин угуп, бул багытта кызматташууну күчөтүүнү сүйлөштү.

Ошондой эле министр өзү ала барган чүкөлөрдү белек кылды.

Андан соң IT тармагында эмгектенген 2024-жылы “Эл үмүтү” президенттик стипендиясынын ээси, Вена техникалык университетинин докторанты, кванттык информатика тармагында изилдөө жүргүзүп жаткан Мээржан Канатбекова жана Австриядагы диаспоранын жетекчиси, ошондой эле HDI камсыздандыруу компаниясында программист болуп иштеген Мээрим Аттокур менен жолугушту.

Министр Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда жана онлайн мектептерде онлайн жана офлайн форматта сабак өтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мекендештер Кыргызстандагы окуучулар үчүн онлайн сабактарды өтүүгө жана билим берүү системасына өз салымын кошууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйынтыгында бир катар иштерди биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.