"Акылман" лицейинде билим алууга бардык шарттар түзүлүптүр – ата-эне

Билим 11 сентябрь 2026 11:40
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Талас, 11.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарында "Акылман" президенттик лицейи ачылды. Аталган билим уясында балдардын окуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн ата-энелердин бири Бакыт Матаева "Кабар" агенттигине айтып берди.

“Биздин уулубуз “Акылман” лицейинин 8-классына өттү. Биз абдан сүйүнүп жаткан учурубуз. Ата-эне катары айтып кетейин, бул мектептин шарттары абдан жакшы экен. 2023-жылы “Акылман” лицейи Чолпон-Ата шаарында ачылды эле. Ошондон бери бул лицейге кызыгып жүрдүк эле. Анан баламдын да өзүнүн тандоосу болду. Лицейде бардык шарттар түзүлгөнүнө президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиребиз. Биздин келечек жаштарда”, - деди ал.