Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Кыргызстан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн Япония, Түштүк Корея, Малайзия жана Кытай менен кызматташып келет. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында билдирди.
Анын маалыматына ылайык, Япониянын JDS программасынын алкагында жыл сайын 20 кызматкер билим алат.
"Алардын 19у магистратурада, бирөө докторантурада окуйт. Окуусун аяктагандан кийин кызматкерлер мурдагы кызмат орундарына кайтып, ишин улантышат. Ошондой эле Түштүк Кореяда билим алуу үчүн кызматкерлердин санына чектөө коюлган эмес. Талапкерлердин билими жана окууга болгон каалоосу эске алынат", — деди ал.
Мындан тышкары, Малайзияда жана Кытайда кыска мөөнөттүү окуу курстарынан өтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Жантаевдин айтымында, мындай программалар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга багытталган.