Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Австрия Кыргызстанга туризм адистерин даярдоодо колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Австрия делегациясы менен өткөргөн онлайн-кеңешмеде белгилүү болду.
Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушуунун максаты кесиптик, техникалык жана туристтик билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун багыттарын, ошондой эле тараптар ортосунда мурда кол коюлган Биргелешкен билдирүүнүн алкагында технологияларды алып келүү маселелерин талкуулоо болду.
Тараптар мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын, туристтик инфраструктура жаатындагы кызматташууну, темир жол адистерин даярдоо маселелерин жана Ысык-Көл облусунда туризм мектебин түзүү боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Ошондой эле кышкы спорт жана туризм багыттары боюнча окуу процессин уюштуруу, имараттарды реконструкциялоо жана австриялык окутуу ыкмаларын колдонуу жолдору каралды. Агартуу министри туризм мектебин түзүү маселесин ар тараптуу изилдөөнүн, ошондой эле Австриянын туризм тармагындагы ментордук жана методикалык тажрыйбасын өздөштүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Австрия тарап педагогдорду жана адистерди даярдоону камтыган практикалык жана методикалык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле заманбап моделдер жана технологиялардын негизинде билим берүү борборун түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.