Бишкек 04.08.25 /Кабар/. Австралиянын чыгыш тарабындагы бир нече шаарга кыш келди. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып Известия агенттиги кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, Түштүк Уэльс штатында ишемби күнү 40 сантиметрге чейин кар жааган. Бул көрсөткүч 1980-жылдардын ортосунан бери биринчи жолу кайталанып жатат.
Ошондой эле Квинсленд штатында да кар жааган. Бул аймакта акыркы он жылда биринчи жолу кар жаап, тарыхта бир нече эле жолу катталган көрүнүш болду.
Жаан-чачындан улам Түштүк Уэльс штатында 1 400дөн ашык өзгөчө кырдаал катталып, 100дөн ашык унаа жолдо калган жана бир топ имараттар жабыркаган. Аймакта суу каптоо коркунучуна байланыштуу эскертүүлөр да берилген.