Австралияда мүйүзү бар аары табылды — ага Люцифер деген ат беришти

Дүйнө Загрузка... 12 Ноябрь 2025 09:43
f2655e60-beab-11f0-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Австралиялык окумуштуулар мүйүзү бар аарынын жаңы түрүн табышты жана ага Люцифер деген ат беришти. Бул тууралуу BBC билдирди.

Аарынын бул жаңы түрүнүн толук илимий аталышы — Megachile lucifer. Megachile — жалпысынан жалбырак кесүүчү аарылардын уруусу болуп саналат. Люцифер Батыш Австралиянын Голдфилдс аймагында, Перт шаарынан 470 чакырым чыгышта, сейрек кездешүүчү гүлдөрдү изилдөө маалында табылган.

Бул аарынын өзгөчөлүгү — ургаачыларынын мүйүз сымал өсүндүлөрү. Алар бул мүйүздөрдү коргонуу үчүн же чаңча, нектар жана уя салуу үчүн материал (мисалы, чайыр) топтоо максатында колдонушат.

Изилдөө тобунун жетекчиси, доктор Кит Прендергаст, бул жаңы түрдү сүрөттөп жаткан маалда Netflix’теги «Люцифер» сериалын көрүп жатканын айтып, ысым ошол учурда табигый түрдө эле жаралганын белгилеген:

«Ат жөн эле эң ылайыктуу болуп калды. Мен Netflix’теги Люцифердин чоң күйөрманымын, ошондуктан ойлонууга көп деле убакыт кеткен жок».

Ал мындан тышкары, Люцифер сөзү латын тилинен «жарык алып жүрүүчү» деп которуларын белгилеп, бул ат аарыларды жана алардын чаңдашуудагы маанисин изилдөөнүн зарылдыгын символдоштурат деген ойду билдирген.

Бул — акыркы 20 жылдагы Megachile уруусундагы биринчи жаңы табылга.

Изилдөө Journal of Hymenoptera Research журналында жарыяланган. Анда окумуштуулар бул аарылар жана алар жашаган, сейрек кездешүүчү гүлдөр өсүүчү аймакты корук катары жарыялоону сунуш кылышкан.

Доктор Прендергасттын айтымында, бул кичинекей аймактагы флора менен фаунанын экөө тең адамдын кийлигишүүсүнө жана климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө алсыз. Ал ошондой эле тоо-кен компаниялары экологиялык баа берүү маалында пчелаларга тийгизген таасирин көп учурда эске алышпайт деп сынга алган.

«Биз али илимий жактан сүрөттөлө элек, бирок экосистемалар үчүн абдан маанилүү түрлөрдү жоготуп жатабыз. Эгер кайсы жапайы аарылар бар экенин жана алар кайсы өсүмдүктөргө көз каранды экенин билбесек, экөөнү тең жоготуп алуу коркунучу чоң»,-деген ал.