АВА терапиясын аутизми бар балдарга 3 жашка чейин баштоо маанилүү – уюштуруучу

Ден соолук Загрузка... 21 Февраль 2026 20:50
WhatsApp Image 2026-02-21 at 09.59.22.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.02.2026 /Кабар/. АВА терапиясын 3 жашка чейин баштоо аутизми бар балдар үчүн маанилүү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Ананай” коррекциялоо борборунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Назик Чекирова билдирди.

Ал иш-чаранын максаты жана мааниси тууралуу айтып өттү.

“Бүгүн биз өнөктөштөрүбүз менен биргеликте АВА терапиясына багытталган иш-чараны өткөрүп жатабыз. Ал эми АВА терапиясы деген бул аутизм спектриндеги балдардын жүрүм-турумун оңдоо жана жаңы көндүмдөрдү үйрөтүүгө арналган дарылоо ыкмасы.

Бүгүнкү күндө аутизм менен төрөлгөн балдардын абалын эрте аныктоонун статистикасы өсүп жатат. Бул боюнча ата-энелердин маалымдуулугу аз болууда. Андан сырткары, негизи эле биздин өлкөдө бул абалды эрте аныктоо жана коррекциялоо боюнча алдыңкы ыкмалар анчалык өнүккөн эмес.

Аутизми бар балдарга жардам берүү үчүн терапанияны өз убагында, жок дегенде үч жашка чейин баштоо маанилүү. Ошондо аны кадимки калыпка салуу оңоюраак болот.

Андыктан, бүгүнкү конференциянын максаты да адистер менен ата-энелердин билимин өркүндөтүү, алдыңкы ыкмалар жөнүндө маалымат берүү жана эл аралык тажрыйбалар менен бөлүшүү болууда.

Конференция практикалык болгон үчүн ар бир доклад реалдуу кейстер менен коштолот”,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында балдардын аутизм спектринин бузулуусуна (АСБ) арналган “XXI кылымдагы AСБ: жашоо көндүмдөрү, индивидуалдуулук жана баалуулуктар” аттуу эл аралык практикалык конференция өтүүдө.