Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Audi АКШдагы биринчи заводуна 4 млрд доллар инвестиция салат. Бул тууралуу Казинформ Reuters агентигине шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, Audi 4 млрд долларлык чогултуу заводунда жылына 200 миңге чейин унаа чыгарууну көздөөдө.
Ошондой эле долбоордун натыйжасында болжол менен 4500 жумуш орду түзүлөт.
Курулуш 2027-жылы башталышы керек, ал эми унааларды өндүрүү 2030-жылдардын башында башталат деп күтүлүүдө.
Завод Audi Q7, Q8 жана Q9 жол тандабас унааларын чогулта турганы белгилүү болду.