Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Токтогул районунун Сары-Камыш айылынын тургуну Токтотемир Өмүрканов уулуна борбор калаадагы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Мурас” турак жай комплексинен эки бөлмөлүү батир алып берген.
Бүгүн ал турак жайларды тапшыруу аземине катышып, батирдин ачкычын алды.
Бул саамалыкка ал абдан кубанып турганын айтып, өлкөдө болуп жаткан өнүгүүлөргө токтоло кетти.