Бишкек, 21.10.25 /Кабар/. Быйыл улуу комузчу, ырчы жана композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти Атай Огонбаевдин 125 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.
Анын алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлмөкчү:
- Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында саат 18:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанатуу концерт өтөт.
- Кинематография департаменти тарабынан Атай Огонбаев тууралуу кыска метраждуу документалдуу тасма даярдалууда. Ошондой эле «Ала-Тоо» кинотеатрында «Атай» аттуу көркөм тасманын бир сеансы акысыз көрсөтүлөт.
- К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети, Композиторлор жана Музыка ишмерлер союздары менен биргеликте илимий-практикалык конференция өткөрөт.
- ТҮРКСОЙ уюму тарабынан Берлин, Анкара, Будапешт шаарларында концерттер уюштурулат. Ошондой эле, АКШ жана Түркиядагы музейлерде Атай Огонбаевдин чыгармачылыгы таанытылат.
- 2025-жылдын 24-октябрында саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында филология илимдеринин кандидаты А.Жапановдун «Атай Огонбаев» аттуу I томдук энциклопедиясынын бет ачары өтөт. Китепканада сүрөт көргөзмөсү жана Атай Огонбаевдин урматына атайын бурч ачылат.
- Маданият министрлиги Атай Огонбаевди Түрк дүйнөсүнүн классикалык композиторлоруна киргизүү үчүн ЮНЕСКО Улуттук комиссиясына тиешелүү сунуштама берет.