Ата мекендик өндүрүштү колдоо: экспорттук стратегия бекитилди

Министрлер кабинети Загрузка... 22 Июль 2026 10:45
6a5f88d02ed98 (1).jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында минкабдын кезектеги жыйыны өттү.

Отурумда алгач министрлер кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планынын биринчи жарым жылдыгынын аткарылышынын жыйынтыктары каралып, президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын баяндамасы угулду.

Ошондой эле Кыргызстандын өнөр жай кластеринин ишканалары үчүн 2026–2030-жылдарга карата экспорттук жана маркетингдик стратегияны бекитүү жөнүндө министрлер кабинетинин тескемесинин долбоору каралып, жактырылды. Чечимдин максаты фармацевтика, зергерчилик жана эмерек өнөр жайынын продукциясынын, ошондой эле айыл чарба продукциясынын экспортун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо.

Мындан тышкары, энергетика тармагындагы маселелер каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди. 

Отурумда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев алдыда Кыргызстан ири масштабдагы эл аралык жана мамлекеттик маанидеги бир катар иш-чараларды өткөрөрүн кошумчалап, ошол себептүү бардык министрлер кабинетинин мүчөлөрүн өзгөчө жоопкерчилик менен иш алып барууга чакырды.