Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дюфло менен жолукту.
Жолугушууда негизинен Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы ирригация жана суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо, агрардык тармакта сууну үнөмдөөчү заманбап технологияларды жана санариптик чечимдерди ишке ашыруу, ошондой эле органикалык дыйканчылыкты жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү багытында эки тараптуу кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү.
Учурда Европа биримдигинин, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, европалык каржы институттарынын колдоосу менен жалпы наркы 86 млн евродон ашуун каражатка Кыргызстандын суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо боюнча бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканы белгиленди. Өзгөчө өткөн жылы жетишилген Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосунда Кыргызстандын суу чарба тармагында кеңири камтылган реформаларды ишке ашырууга багытталган "17 млн евролук" гранттык макулдашууга кол коюлганы жана анын ишке ашырылышынын жүрүшү белгиленди.
Мындан тышкары, Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын Европа биримдигинин рыногуна жеткиликтүүлүгүн мындан ары кеңейтүү маселеси каралды. Бул жаатта продукциянын сапатын жогорулатуу, лабораториялык инфраструктураны чыңдоо, эл аралык стандарттарды киргизүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу өнөктөштүктү дагы чыңдоо боюнча мындан аркы айрым кадамдар белгиленип, практикалык кызматташтыктын жаңы багыттары аныкталды.