Ата-энелердин эсине! Балдарды мектепке кабыл алуу үчүн керектүү документтер

Билим Загрузка... 21 Август 2025 11:41
1067447845_0_91_1600_992_1920x0_80_0_0_157e5ac0998360629c83fb7f4db99959.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Бишкек мэриясы 1-2-класстын окуучуларынын ата-энелерине кайрылуу жасады.

Муниципалитеттин кайрылуусунда төмөнкүдөй айтылат:

Урматтуу балдарын 1-2-класска электрондук кезек аркылуу каттаган ата-энелер, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында балдарды электрондук каттоого алуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобого ылайык, каттоону кабыл алган мектепке тез арада төмөнкү документтерди алып келүү керектигин эскертебиз:

  • ден соолугу жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген форма);
  • алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген форма);
  • баланын 3x4 см өлчөмүндөгү сүрөтү.

Белгилей кетсек, аталган документтер жаңы 2025-2026-окуу жылына даярдануу үчүн класстык комплекттерди түзүү жана башка уюштуруу иштери үчүн зарыл.