Ажырашуу – эки адамдын ортосундагы гана эмес, бүтүндөй үй-бүлөнүн тагдырына таасир этүүчү олуттуу чечим. Бул учур эки тарапка тең, анын ичинде балдар үчүн дагы абдан оор экендиги талашсыз. Бул көйгөйдүн себептерин, балдарга тийгизген кесепеттерин бүгүн “Кабар” агенттигине 20 жылдан ашуун тажрыйбасы бар, үй-бүлөлүк психолог Замира Шерипова айтып берет.
- Ата-эненин ажырашуусу балдарга кандай таасир берет? Анын кесепеттери кандай болот?
- Учурда ажырашуу темасы өтө актуалдуу. Ажырашкан жаш үй-бүлөлөр көбөйүп, алардын айынан балдары жабыркаган учурлар көп кездешүүдө.
Баланын психологиялык саламаттыгы – биринчи кезекте үй-бүлөнүн маанайынан көз каранды. Атап айтканда жубайлардын мамилеси жакшы болуп, ортодо ынтымак, сый-урмат, түшүнүшүү жана сүйүү болсо балдар автоматтык түрдө бактылуу болушат. Башкача айтканда ата-эне бактылуу болсо, бала да бактылуу болот. Мындай жагымдуу үй-бүлөлүк атмосферада чоңоюп жаткан балага кымбат оюнчуктун, телефондун деле кереги жок. Лидер балдар дагы мына ушундай үй-бүлөлөрдөн чыгышат.
Ал эми тескерисинче чыр-чатак, уруш-талаш көп болгон үй-бүлөлөрдө балдар абдан жабыркайт. Ал үй-бүлөдө балдардын психологиялык саламаттыгы жакшы болбой, депрессиялык, корккон, тынчсызданган абалда болушат. Муну балдар абдан оор кабыл алышат. Уруш-талаш дагы, ажырашуу дагы экөө тең балага бирдей терс таасирин тийгизет.
- Бул учурда ата-эне балдарына кантип жардам бере алат?
- Албетте, бала үчүн ата-эненин ажырашуусу абдан чоң сокку болот. Мындай учурда ата-энелердин экөө тең балага “биз ажырашууга мажбур болуп жатабыз. Бирок, экөөбүз тең сени бирдей жакшы көрөбүз. Сени таштабайбыз, жаныңда болобуз” деп жай түшүндүрүшү керек. Бала кичинекей болсо дагы кырдаалдын себептерин кылдаттык менен түшүндүргөн оң. Балдарды ортодо көпүрө кылып, бири-бирине сөз айттыруу туура эмес. Аң-сезими калыптанган, чоң адам катары жубайлар баланын психикасын коргоо максатында диалогго барышы керек. Атасы энесин же энеси атасын балага жамандай бергени да абдан начар көрүнүш. Тескерисинче мактап, атасы же апасы жөнүндө жакшы сөздөрдү айтканы оң.
- Балдар үчүн жашап, ажырашпай жашап жүрө берген туура болобу?
- Бизде “эл эмне дейт, туугандар эмне дейт” деген нерсе бар. Аял кишилер “балдарымды атасы жок” деген сөзгө калтырбайын деп чыдап жашап жүрө беришет. Мыкаачы, ичкич, эзгич, мүнөзү оор адамга чыдап жашай бергендин өзү балдарга зыянын тийгизет. Эгерде жашоо ошол боюнча улана берсе, мисал үчүн ата мыкаачы болуп энеге зордук-зомбулук көрсөтсө, аны көрүп чоңойгон балада жек көрүүчүлүк пайда болот. Мага 7 жаштагы баланы консультацияга алып келген учур болгон. Ал бала “чоңойсом атамды өлтүрөм” деп айтканы эсимде. Андыктан, эгерде үй-бүлөдө жогоруда айтылгандай олуттуу маселелер болсо, дал ошол балдар үчүн ажырашуу чечимин кабыл алган оң. Үй-бүлөдө адамдын оңолуп кетишине, каталарын оңдоп кетишине мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, адам өзүнүн эрки менен же психологго кайрылып өзгөрсө болот. Болбосо, бала үчүн өзүн курмандык чалган таптакыр туура эмес.