Ат-Башынын Кара-Суу айылында жаңы бала бакча курулууда

Аймак 06 Октябрь 2025 11:32
42e7239e74e74da3a0bad3ac47226a5d-49868e344da2b3d62.58644067.jpg
d31416f178ca4580b2108b62d0e95e21-31068e344da2bc487.96193363.jpg
Алдыга
Артка
42e7239e74e74da3a0bad3ac47226a5d-49868e344da2b3d62.58644067.jpg
d31416f178ca4580b2108b62d0e95e21-31068e344da2bc487.96193363.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында жаңы бала бакча курулуп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жалпы аянты 1256 чарчы метрди түзгөн имарат 120 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген жабдуулар менен камсыздалат. 

Курулуш иштери 2024-жылы башталган, азыркы тапта имараттын экинчи кабаты тургузулууда.

Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Тендердик баасы 79 млн сомду түзөт.