Ат-Башынын Большевик айылында 120 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Аймак 03 Июль 2025 14:49
515496302_1234700534795660_3592519727633380541_n.jpg
514692942_1234700621462318_3619926719328091065_n.jpg
514728492_1234700634795650_522822092600489562_n.jpg
514780916_1234700541462326_1007870379155519982_n.jpg
515965959_1234700588128988_2893441688320817021_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 03.07.25./Кабар/. Ат-Башы районуна караштуу Большевик айылында жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 114 млн сомду түзөт.

Башкы планга ылайык, имарат жалпы аянты 854 чарчы метр, эки кабаттуу болуп, 120 орунга ылайыкталган.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси бардык керектүү материалдар жана жабдуулар менен камсыздалып, заманбап стандарттарга жооп берет.